ОшМУ Памуккале университети менен эл аралык илимий конференция өткөрөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Памуккале университети менен эл аралык илимий конференция өткөрөт

Image

Түркиянын Гайе фондунун башчысы Мехмет Акшит баштаган делегация ОшМУда болуп окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажиматов менен жолугушту. Жолугушууда ОшМУ менен Түркиянын Памуккале университетинин ортосунда 2022-жылдын август айында түзүлгөн  кызатташуу келишими боюнча пикир алышты.

Бул кызматташтыктын алкагында 2023-жылдын 5-6-октябрында Денизли шаарында жайгашкан  Памукале университетинде ОшМУ менен биргеликте “Имам Серахси” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өткөрүүнү макулдашышты.  Андан сырткары окумуштуу-аалым Имам Серахсинин “Аль  Мабсүт” атуу 30 томдук китебин ОшМУнун теология факультетинин окутуучуларынын жардамында кыргыз тилине котору иштерин талкуулашты.