ОшМУнун студенттери 1200 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия алышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери 1200 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия алышты

Image

Өлкөдө студенттик эң ири өлчөмдөгү стипендия болуп саналган ОшМУнун «Атуулдук стипендиясы» быйылкы окуу жылында 10 студентке тапшырылды. Гүлбурак Бегматаева Юридика факультетинин студенти, Дияна Исламова Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти, Эльвира Боромбаева Чыгыш таануу жана Тарых факультетинин студенти,  Бегимай Рысалиева Орус филологиясы  факультетинин студенти , Бекболсун Сатыбаев Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти,  Олжобай Тойчубек уулу Кыргыз филологиясы жана журналистика факульететинин студенти, Сайдулло Сулайманов Эл аралык мамилелер факультетинин студенти, Уулкан Кубатбек кызы Физика-техника факультетинин студенти жана Медицина факультетинин студенттери Айпери Нурбек кызы, Бегимай Аширова Атуулдук стипендиянын ээси болушту.

    
Стипендияны салтанаттуу тапшыруу аземи  бүгүн 26-декабрда өттү. Ага ректор Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова окуу жайдын окутуучулук, студенттик жамааты катышты.Салтанаттуу тапшыруу аземинде ар бир стипендианттар тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, студенттерге үлгү болчу мыкты жетишкендиктери көрсөтүлдү. Ошондой эле, иш-чарага президенттик стипендия ээлери да катышты.

 
Атуулдук стипендианттарды  тандоо окуу жайда иштелип чыккан 21-бюллетендеги «ОшМУнун мыкты студенти» сынагы жөнүндөгү жобого ылайык өттү . Сынакка ОшМУнун күндүзгү бөлүмүндө  «эң жакшы» баага окуган студенттер катышты. Анда студенттердин окуудагы жетишкендиктери, логикасы жана сабаттуулугу, илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, ойлоп табуучулук, жаратмандык жана чыгармачылык потенциалы, коомдук жана социалдык жоопкерчилиги, лидерлик потенциалы, уюштуруучулук сапаттары каралган. 

  
2022-2023-окуу жылында сынактын ар бир жеңүүчүсү айына $100, бир жылда жалпы суммасы $1200 стипендия алышат. Бул стипендия ОшМУда эмгектенген, илимдин доктору, профессор меценант агай тарабынан берилип келет. Агай өзүнүн өмүр бою жыйнаган мүлкүн банкка төгүп, аны окуу жайга мурастап, мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. ОшМУнун жетекчилиги бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк–профессор агай–университет болуп, үч тараптуу келишим түзүшкөн.