ОшМУнун доценти Акчач Жолдошева Белгиянын Брюссель шаарында тажрыйба алмашып келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун доценти Акчач Жолдошева Белгиянын Брюссель шаарында тажрыйба алмашып келди

Image

ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин психология кафедрасынын башчысы, доцент Акчач Жолдошева декабрь айында 2 жума Белгиянын Брюссель шаарында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди.

Иш сапардын алкагында “Учурдагы билим берүүнүн ролу жана рынок экономикасы талап кылуучу билимдерди өнүктүрүү” аттуу 72 сааттык Европалык билимин өркүндөтүү курсунан өттү.

“Тажрыйба алмашуу максатындагы сапарда  Европалык парламенттин ишмердүүлүгү,  Бельгия королдук китепканасы менен тааныштык. Брюссель шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде Ч.Айтматовдун музей-каанасы менен таанышып, окуунун жыйынтыгында сертификат алдык. Брюссельдеги Либре ULB  университетинде “Билим берүүнү модернизациялоонун Бельгиялык моделин изилдөө” боюнча лекцияга катышып, сертификатка ээ болдум. Андан сырткары Париждеги  Сорбонна университетинин окуу процесси менен таанышып, тажрыйба алмаштык. “Мугалимдин педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгүн профессионалдаштыруу: ыкмалар, алдыңкы тажрыйбалар жана корутундулар” деген  аталыштагы жолугушуу тренингине,  “Менеджменттик ишмердүүлүктүн келечеги. Студенттерге  эмнени үйрөтөбүз?” аттуу тренингине  катышып, сертификат алдык. ОшМУдагы студенттердин анын ичинен психология бакалавр программасы боюнча презентация жасадым”, -деди психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева.

Брюссельдеги Либре ULB  университетинде Психология факультети менен таанышып, студенттердин психология багытындагы окуу процесстерине, психология багытындагы иш-чараларга да катышты.

Фото галерея