Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-изилдөө тармагындагы реформалары

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-изилдөө тармагындагы реформалары

Image

Бүгүн 12-январда окуу жайда “Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-изилдөө тармагында жасап жаткан реформалары жана илимий-изилдөөнү колдоочу заманбап ресурстары”  аттуу илимий-методикалык семинар башталды.

Семинарды Билим берүү жана илим министрлигинин, илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков өтүүдө. Ага ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев, окутуучулар, магистранттар жана аспиранаттар катышууда.

Мында Жылдызбек Жакшылыков илимий долбоорлорду жазуу, долбоорду башкаруу жана долбоордун структуралары, мазмуну жана формасы, эл аралык фонддор жана уюмдар,эл аралык командаларды түзүү жана чет элдик гранттарды тартуу боюнча баяндама жасады. Ошондой эле Дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары менен илимий коллаборацияларды түзүү жолдору, министрликтин илимий долбоорлорду каржылоо конкурсу боюнча маалыматтарга да токтолду.

Эртең министрликтин  илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыковдун катышуусунда Ош, Жалад-Абад жана Баткен облусунда жайгашкан окуу жайлардын жана илим-изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-изилдөө тармагында жасап жаткан иш-аракеттери ж.б. заманбап илимий маалыматтарды жайылтуу боюнча төгөрөк стол өтөт.  Университеттердин жетекчилиги менен алдыдагы 2-3 жылдын стратегиялык кадамдары, эл аралык рейтингдерге (QS, THE ж.б.) кирүү боюнча дискуссия жүрөт .

Фото галерея