Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун клиникасы менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун клиникасы менен таанышты

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ОшМУда болду. Окуу жайдын “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиниканын ишмердүүлүгү жана медицина факультеттеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиника жана Ош шаардык ооруканасынын эски аймагындагы ОшМУнун медицина клиникасынын курулуш долбоору менен тааныштырды.

“Биз туруктуу өнүгүүнүн максаттарын алдыңкы планга коюп, эл аралык таанууга ээ болуу үчүн негизги талаптарды аткарып, жаңы илимий технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде студенттердин билим сапатын көтөрүп, билим берүүчүлүк-илимий-инновациялык комплекс катары университеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүгө багыт алуудабыз”,-деди окуу жай жетекчиси.

Президентинин Жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилген. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Учурда университет мамлекет тарабынан коюлган талаптарды белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашыруу үчүн «Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү модели" стратегиялык программасы иштелип чыкты.

 

Фото галерея