ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖА ҮЧҮН ҮСТӨК ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ: КЫРГЫЗСТАНДА 1179 ИЛИМДИН ДОКТОРУ ЖАНА 5323 ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БАР

Башкы Жаңылыктар

ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖА ҮЧҮН ҮСТӨК ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ: КЫРГЫЗСТАНДА 1179 ИЛИМДИН ДОКТОРУ ЖАНА 5323 ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БАР

Image

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында илимий даража үчүн үстөктөрдү 50%га жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Натыйжада, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.

Мындай чечим Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленген.

Кыргызстанда 1179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты аттестациядан өткөн.

https://edu.gov.kg/posts/1262/