Scopus базасындагы индекстелген илимий журналдарга макала жазуу жана басмага берүү 

Башкы Жаңылыктар

Scopus базасындагы индекстелген илимий журналдарга макала жазуу жана басмага берүү 

Image

Илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 6-февралынан 10-февралына чейин беш күнгө түзүлгөн графиктин негизинде окутуучуларга “Scopus базасындагы индекстелген илимий журналдарга макала жазуу жана басмага берүү” аттуу семинар-тренинг уюштурулуп, өткөрүлдү.
Семинар-тренингде “Кышкы окуунун” катышуучулары баяндама жасашып, катышуучулар скопус базасында индекстелген эл аралык абройлуу илимий журналдарга макала жазууда теманы жана методологияны туура тандоо (Stata  программасын колдонуу), макаланы басмага берүүдө скопустун базасынан илимий журналдарды издөө (SCIMAGO системасынын жардамында) жана илимий журналдардын деңгээлдери (журналдын квартили, OPEN ACCESS ж.б.) боюнча толук маалымат алышты. 
Семинар-тренингди өткөрүүнүн максаты ички рейтингдин, регионалдык рейтингдин талаптарын так жана туура системалуу аткарууда иш-аракеттерди күчөтүүгө багытталган. Жалпысынан, семинар-тренингге катышкан 370тен ашуун катышуучу   илимий макаланы жазуу жана басмага берүү процессин түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарга  ээ болушту.

Фото галерея