Сивас Джумхуриет университетинен 13 студент академиялык мобилдүүлүктөн өттү

Башкы Жаңылыктар

Сивас Джумхуриет университетинен 13 студент академиялык мобилдүүлүктөн өттү

Image

Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетинен 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде ОшМУнун 13 студенти академиялык мобилдүүлүктөн өттү. Алар медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, математика жана информациялык технологиялар, эл аралык  мамилелер  факультетинин жана  эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери. Учурда медицина факультетинин 2, математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1 студенти билимин улантып жатат. 

“ОшМУ студенттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген окуу жай. Бул мүмкүнчүлүктөр студенттердин чет өлкөдөгү окуу жайлардан, кайсыл өлкө болбосун ошол өлкөнүн жараны сыяктуу эркин билим алууга шарт түзөт. Биз да ОшМУнун студенттеринин катарында Түркиядагы эң алдыңкы университеттердин бири болгон Сивас Джумхуриет университетинде мобилдүүлүктөн өтүп келдик. Бул мүмкүнчүлүктү өмүрүмдөгү чоң өзгөрүш катары кабыл алдым, анткени учурдагы билимимди дагы бир дегээлге жогорулатууга чоң  ажрыйба болду. Андан сырткары, башка менталитеттеги көптөгөн жаңы адамдар менен таанышууга, достошууга себеп болду”, -дейт Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 3-курсунун студенттери Айдана Ажимаматова.

Ал эми Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 3-курсунун студенттери  Асылбек кызы Батма: “Сивас Джумхуриет университетинин китепканасы өзгөчө экен. Анда бардык тилдеги адабияттарды кездештирүүгө болот, андан сырткары чоң компьютердик залы да бар.   Аталган китепкана эрте менен саат 08:00дөн баштап, кечки 22:00гө чейин иштейт.  Ал эми экзамен күндөрү 24/7 күн бою иштеп, студенттерди жеңил тамак менен оозандырышат экен. Университеттин студенттер үчүн жатканасы 600 лир биздин акчага 3000 сомдун тегереги экен, анын ичинде таңкы жана кечки тамактары кошулган. Стденттер үчүн шарттары аябай жакшы. Убактыңыздарды жана акчаңыздарды үнөмдөп, мыкты билим алууга болот. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн түрк тилин билүүңүз жана авиа билет алууга каражатыңыз жетиштүү болуусу керек. Бай маданияты бар өлкөдө билим алууну колдон чыгарбаныздар”,- деген пикирин айтты.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине  кол койгон.

Фото галерея