Эне тил күнүнө арналган “Улут башаты-эне тил” аттуу майрамдык кече өттү

Башкы Жаңылыктар

Эне тил күнүнө арналган “Улут башаты-эне тил” аттуу майрамдык кече өттү

Image

Бүгүн, 16-февралда Ош шаарындагы Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканада ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы “Улут башаты-эне тил” аттуу  майрамдык кече өткөрдү. Иш-чарада студенттер ар улуттун эне тилин данктаган ырларды көркөм окуп, ыр ырдап, бийлеп, улуттук баалуулуктарды чагылдырышты. Майрамдык кечеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагул Телекманова, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, облустук китепкананын жамааты, окутуучулар, студенттер катышты.

“Бул бир айлыктын алкагында ОшМУда да “Көп тилдүүлүк бүткүл дүйнөгө кол сунат” деген  ураандын астында  бир нече иш-мерчемдери белгиленген. Бүгүнкү иш-чара ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлде өттү. Иш чарага студенттерди мыкты даярдап алып келген  окутуучуларга, таланттуу студенттерге дипломдор тапшырылды. Ал эми 21-февралда ОшМУ Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмү менен биргеликте “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” деген аталышта чоң майрамдык кече өткөрөбүз”,-деди ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 21-январынан – 21-февралына чейин Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгын жарыялаган. Бир айлыктын алкагында 16 пункттан турган иш-чара кабыл алынып, жер-жерлерде, билим берүү мекемелеринде, китепканаларда, мамлекеттик мекеме-ишканаларда өткөрүлүп  жатат.

Фото галерея