ОшМУнун шахмат командасы Кыргызстандын атынан ММУнун кубогуна катышат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун шахмат командасы Кыргызстандын атынан ММУнун кубогуна катышат

Image

Бишкек шаарында 26-февралда шахмат боюнча Москва мамлекеттик университетинин Кубогуна тандоо иретинде өткөн командалык турнирде  ОшМУнун командасы I орунду ээледи. Жеңишке жеткен команда 2023-жылдын 14-19-май күндөрү Москвада өтүүчү ММУнун Кубогу – 2023 турнирине Кыргызстандын ЖОЖдорунун атынан катышат.

ОшМУнун шахмат боюнча курама командасында шахмат боюнча чебер, дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледжинин окутуучусу, шахмат боюнча кандидат Нурказы Исираилов, STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти Бектемир уулу Кайратбек бар.

Командалык турнирде 2-орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, 3-орунду “Ала-Тоо” эл аралык университетинин командасы ээледи. Тандоо иретинде өткөн командалык турнирге өлкөнүн 10 жогорку окуу жайынан 22 команда катышкан.

Жыл сайын уюштурулган Кубокко бир мамлекеттен жеңүүчү аталган бир жогорку окуу жайдын командасына жолдомо берилет.