Түркиядагы Жумхуриет университетинен мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер эмне дейт?

Башкы Жаңылыктар

Түркиядагы Жумхуриет университетинен мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер эмне дейт?

Image

Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетинен 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде ОшМУнун 13 студенти академиялык мобилдүүлүктөн өттү. Алардын ичинен 4 студент Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери. Бүгүн биз алардын академиялык мобилдүүлүк учурунда алган таасирлери менен бөлүшөбүз.

Али Эркинбай уулу, түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн 4-курсунун студенти. “Мен 15-сентябрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Жумхуриет университетинен мобилдүүлүктөн өттүм. Сивас шаарында «YurtPark» жеке менчик  жатаканасына жайгаштым.  Сивас айланасы тоо менен курчалган токойлуу шаар экен. Жатаканадан 15 мүнөт жүргөндө шаардын борборуна жетебиз. Эң биринчи эле көзүмө көптөгөн чет элдик студенттер урунду. Алар менен таанышуу, өзүбүздүн өлкөбүз, маданиятыбыз тууралуу айтып берүү мен үчүн абдан кызык болду. Алар менен сүйлөшүп жатып англис жана түрк тилин билүү денгээлимди да жогорулаттым.

Университетте ынгайлуу жана кызыктуу билим берүү системасы түзүлүптүр. Мен Туризм факультетинин туризм менеджменти жана мейманкана иши бөлүмүндө билим алдым. Предметтер ОшМУда окуп жаткан предметтер менен жакын болгондуктан менде кыйынчылык болгон жок.  Сабактар тандаган предметтерибизге жараша түшкө чейин жана түштөн кийин болуп жатты. Сабактан кийин бардык керектүү материлдар жана китептер менен камсыздалган китепканада даярданам. Бош убактымда, майрам күндөрү, дем алыш күндөрү жакынкы шаарларды көрүп, музейлерде болгонго мүмкүнчүлүк болду.

Ар бир айда ар түрдүү өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн маданий кечелер уюштурулуп, анда биз Кыргызстанды, ОшМУну жакындан тааныштырууга шарттар түзүлдү. Биз улуттук ырларды ырдап, бийлерибизди бийлеп, улуттук тамак-аштарды жасап бердик.

Мен буга чейин Анталиядагы "Альва донна эксклюзив 5*" мейманканасында практикадан да өтүп келгем. Түркияда стажировкадан өтүү мен үчүн олуттуу кадам болду! Мен башында өзүмөн күмөн санадым. Бирок өзүм чечим чыгарган соң бардык шектенүүлөр дароо жок болду.

Студенттерге эстен кеткис тажрыйба, билим жана ар тараптуу өнүгүү тартуулаган сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген ОшМУга жана ректорубуз Кудайберди Кожобековго, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсуновго жана PhD, координатор Айнура Кулназарова  эжекеге терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Жумхуриет университетинен ректору Алим Йылдызга, эл аралык бөлүмүнүн  менеджери Али Аксу, Туризм факультетинин деканы Хакан Коч баштаган окутуучуларга ыраазычылык билдирем”, - дейт Али Эркинбай уулу. 

 

Редакция мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттердин ойлору менен кийинки материалдарда да бөлүшөт.

Фото галерея