ОшМУнун айымдары сууда сүзүү боюнча мелдешти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун айымдары сууда сүзүү боюнча мелдешти

Image

8-март - Аялдардын эл аралык майрамына жана ОшМУда жарыяланган  “Сергек жашоо жана ден соолук” жылына карата  университетте эмгектенген эжекелер арасында факультеттер аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Аялдар кеңеши демилгелеп өткөрүп жаткан спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.

«Олигарх» жабык бассейининде өткөн мелдеште 45 жаштан жогорку жана 45 жашка чейинки 60 катышуучу 20 метр аралыкка сүзүштү.

Майрамга арналган мелдешке окуу жайдын проректорлору Таасилкан Жумабаева, Жылдыз Артыковалар катышып, айымдарды майрамы менен куттуктап, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.

Мелдештин жыйынтыгында 45 жаштан жогорку курактагылар арасында Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу  Нуриля Заирова 1-орунду,  Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Лазокат Джумаева 2-орунду,  Назгүл Ташматова 3-орунду,  Юридика факультетинин окутуучусу Таштанбек кызы Айгүл 4-орунду ээледи. Ал эми 45 жашка чейинки курактагылар арасында Медициналык колледждин окутуучусу Саламат Мурзакулова 1-орунду,  Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучусу  Айжамал Абдиева 2-орунду,  Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Айжамал Эргешбаева 3-орунду,  Юридика факультетинин окутуучусу Кубаныч кызы Айгүл 4-орунду багындырды. Байгелүү орунга ээ болгон эжекелер дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Фото галерея