ОшМУнун окутуучусунун китебинин бет ачары Бишкек шаарында өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусунун китебинин бет ачары Бишкек шаарында өттү

Image

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых жана этнология институтунда  ОшМУнун чыгыш таануу илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, окуу жайдын  Эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти, т.и.к. Жолдошбек Бөтөнөев "Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары. XX кылымдын 20-50-жылдары. Архивдик документтердин жана материалдардын жыйнагы" китебинин бет ачары өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлери, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана И.Арабаев атындагы КМУнун, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттери, магистранттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук ишмерлер, басмачы, кулак катары репрессиялангандардын неберелери, туугандары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Китепте ХХ кылымдын 20-50-жылдар аралыгындагы Совет бийлигинин басмачылык кыймылга, кулакка тартуу саясатына жана саясий репрессияларга байланыштуу буга чейин жарыкка чыга элек ири көлөмдөгү архивдик документтер, материалдар жана башка маалыматтар биринчи жолу берилген. Китеп 2022-жылы “Улуу тоолор” басмаканасынан жарыкка чыккан.

 

Фото галерея