Инсандын тарыхий ролуна заманбап көз караштар жана Рахманкул хан

Башкы Жаңылыктар

Инсандын тарыхий ролуна заманбап көз караштар жана Рахманкул хан

Image

Университетте “Инсандын тарыхий ролуна заманбап көз караштар жана Рахманкул хан” аталышында илимий-практикалык конференция  болду. Конференция Түркия республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына жана Памирдик кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп келишинин 41 жылдыгына карата уюштурулду.

Рахманкул ханды эскерүү жана Ван облусунун Улупамир айылында жашаган кыргыздарды таанытуу максатында Түрксой жана кыргыз түрктөрүнүн маданиятынын жана тилектештик ассоциациясы тарабынан өткөрүлдү.

Ага Эл аралык түрк маданияты ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлү, профессор Канат Мамбаталиев , Рахманкул хандын урпактары  Мухаммад ариф Кутлу, Андулмукаддес Кутлу, Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик ассоциациасынын төрагасы Абдулметин Кескин, ректор Кудайберди Кожобеков, илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев окутуучулар катышып, илимий баяндамаларды жасашты.

Рахманкул Жапаркул уулу - Кичи Памирдеги ооганстандык кыргыздардын ханы, 1991-жылы 78 жашында дүйнөдөн өткөн. Түркиядан "Кутлу" деген фамилия алган Рахманкул хан уулдарына Кыргызстан менен байланышты үзбөөнү насаат кылгандыктан, анын кенже уулу кыргызстандык кызга үйлөнгөн.

Фото галерея