Студенттер республикалык олимпиадага катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер республикалык олимпиадага катышты

Image

 

Кыргыз улуттук университетинин базасында өткөн финансылык коопсуздук боюнча II республикалык олимпиага катышкан ОшМУнун юридика факультетинин 3-курсунун студенти Жылдыз Пасанова  командалык машыгууда 1-орунду ээлеп, Кубок, баалуу белектер менен сыйланды. Жетекчиси ю.и.к. Үпөл Айтмаматова. Аталган олимпиада алгач ОшМУнун базасында өткөн. 1-турдан 3 –студент тандалып, II турга жолдонмо алышкан.  

Эки күнгө созулган олимпиада өлкөдөгү ЖОЖдордун студенттеринин арасынан юриспруденция,  экономика, эл аралык мамилелер, маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча мыкты студенттерди тандап алуу, Кыргызстандын курама командасын түзүү максатында уюштурулган. Тандалып алынган курама команда финансылык коопсуздук боюнча III эл аралык олимпиадада өлкө намысын коргошот.

2023-жылы  аталган олимпиаданын I туруна 17 ЖОЖдон 550дөн ашуун студент катышса, жыйынтыктоочу туруна 11 командада 110 студент катышты.

Олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана аталган кызматтын окуу-методикалык борбору тарабынан демилгеленип уюштурулган.

Фото галерея