Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси студенттер менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси студенттер менен жолугушту

Image

 Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Х.М. Мирзахидов ОшМУга иш сапары менен келип, өзбекстандык студенттер менен жолугушуп, пикир алмашты. Жыйынга студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Ж.А. Артыкова, элчинин кеңешчиси П.А. Саидов, Өзбекстан жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлү Б. Абдусаматов, өзбек улуттук маданий борборунун түштүк аймагы боюнча төрагасынын орун басары А. Атажанов, чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана 500гө жакын студент катышты.

 Жыйында Өзбекстандын жаңы Конституциясынын тексти жана мындагы адам укугу, жаштар маселелери, гендердик саясат ж.б. боюнча киргизилген өзгөртүүлөр менен кыскача тааныштырып, 30-апрелде өтө турган жалпы республикалык референдумга активдүү катышып берүүгө чакырды. Бул үчүн окуу жайларда шайлоо участокторун ачуу зарыл экендигин белгиледи. Жакында Ошто элчиликтин түштүк регион боюнча иш алып баруучу генералдык консульствосу ачыла тургандыгын айтты. Элчи мырза студенттердин көйгөйлөрүнө дагы кызыгып көрдү. Ошондой эле катышуучуларды кызыктырган суроолорго жоопторду берди.

Жыйын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Бөлүм жакынкы күндөрү Индиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчисинин дагы индиялык студенттер менен боло турган жолугушуусун өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

Фото галерея