Ординаторлор үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Башкы Жаңылыктар

Ординаторлор үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Image

Ош облусу боюнча жалпы дарыгердик практика борборлоруна 100дөн ашуун дарыгер жетишсиз. Алар жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер, педиатрлар, неонатологдор, анестезиологдор жана реаниматологдор. Мындай маалымат бүгүн, 13-апрелде ОшМУда өткөн жумуш берүүчүлөр менен болгон жолугушууда айтылды.
Иш-чара ОшМУнун дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору тарабынан уюштурулду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорундагы жалпы дарыгердик практика борборлорунун жетекчилери жана ординаторлор катышты.
Жолугушууда, катышуучуларга бош орундар боюнча маалыматтар берилип, суроо-жооп иретинде талкуу болду. Максаты — бүтүрүүчүлөрдү учурдун талабына ылайык окутуу жана компетенцияларды калыптандыруу, жумуш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөдүн байланышын түзүү болуп эсесптелет.
Учурда ОшМУнун дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунда 620 ординатор билим алат. Алардын 264тү окуусун быйыл бүтүрөт.

Фото галерея