Студент Ислам Джумабаев: “Мобилдүүлүк программасынын алкагында теория менен практиканы айкалыштырган эң баалуу билимдерди алдым”

Башкы Жаңылыктар

Студент Ислам Джумабаев: “Мобилдүүлүк программасынын алкагында теория менен практиканы айкалыштырган эң баалуу билимдерди алдым”

Image

Мен Жумабаев Ислам медицина факультетинин 5-курсунун студентимин. 2022-2023-окуу жылынын башынан бери Түркиядагы Сивас Жумхуриет университетинде мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жатам. Мага Түркиянын билим берүү системасы абдан жагат, анткени 4-курстан баштап бардык сабактар университеттин клиникасында өткөрүлөт. Ар бир дисциплина (нейрохирургия, неврология, ЛОР, офтальмология, жугуштуу оорулар...) үч жумалык циклдан турат. Мисалы: биринчи жума поликлиникада өткөрүлөт, анда биз пациенттин анамнезин изилдөө жана чогултуу боюнча окутушат. Экинчи жумада студенттер операциялык бөлмөдө бейтаптарга кандай операциялар жасалып жатканын үйрөнүп ошол эле учурда операцияга жардам беребиз. Ал эми үчүнчү жумада окуу бейтаптардын бөлүмдөрүндө өтөт, анда биз бул оорулардын консервативдик дарылоосун үйрөнөбүз. Бул убакыттын ичинде бейтаптын анамнезин жана аны дарылоонун планын даярдап, окуутучуларга  өткөрүп беребиз. Бул үч жуманын ичинде Түркиядан келген алдыңкы профессорлор менен бир убакта сабактарды өткөрөбүз. Мындай система бейтаптар менен дайыма байланышта болгонубуздан теориялык жактан гана эмес, практикалык жактан да үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми иш жүзүндө биз жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдейбиз, алар кийинчерээк биздин кесипкөйлүгүбүзгө таасир этет.

Университетибиздин жетекчилигине жана Сивас Жумхуриет университетинин мобилдүүлүк программасынын координатору Кулназарова Айнура Досуевнага чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем.

 

 

Фото галерея