Орусиялык акын менен жолугушуу

Башкы Жаңылыктар

Орусиялык акын менен жолугушуу

Image

2023-жылдын 13-сентябрында орус филологиясы факультетинде  белгилүү советтик жана орусиялык акын, адабият таануучу жана котормочу Михаил Синельников менен жолугушуу болуп өттү.

Поэзия сүйүүчүлөрү,  факультеттин окутуучулары, магистранттар жана студенттер “Кыргызстан орус поэзиясында жана кыргыз поэзиясы орус котормолорунда” аталышында  лекция угушту. Мында Михаил  Синельников  Россия менен Кыргызстандын ортосундагы терең адабий байланыштарга,  кыргыз поэзиясындагы  чыгармаларды орус тилине которуу иштеринин калыптанышы жана өнүгүшүнө кенен токтолду. 

Михаил  Синельников Орто Азия элдеринин поэзиясынын, анын ичинде кыргыз поэзиясынын антологияларын которуу жана түзүү боюнча белгилүү. Москвалык акын кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун ырларын орус тилине которуп, “Менин Алыкулум” китебинде жарык көргөн.

Жолугушуу республикада 8-сентябрдан 16-сентябрга чейин өтүп жаткан “Кыргызстан – Россия: жалпы маданий мурас” фестивалынын алкагында уюштурулду.

Михаил Синельников 1946-жылы Ленинградда туулуп,  балалыгы, жаштыгы Ошто өткөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин, кийин Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Акын 30дан ашык поэзиялык жыйнактардын жана китептердин автору. Акын Кыргызстандын президентинин Ардак грамотасы жана  Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык менен  сыйланган.

 

Фото галерея