Студенттерге медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Image

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Эл аралык медицина факультетинде жыйын уюштурулду. Жыйынга Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бөлүм башчысы Жыпара Азизбекова баштаган адистер, факультеттин окутуучулары, чет өлкөлүк студенттер катышты.

Катышуучаларга медициналык камсыздандыруу полиси тууралуу түшүндүрмө берилип, Кыргыз Республикасынын "Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер медициналык жактан сөзсүз түрдө камсыздандырылышы зарыл экендиги жана полистеги жеңилдиктер боюнча маалыматтар берилди.  

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өлкөдөгү бардык окуу жайларда окуган чет өлкөлүк студенттер милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүүсүн шарттаган буйрук чыккан.    

Иш-чара  чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Фото галерея