Дүйнөлүк Биоэтика күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк Биоэтика күнү белгиленди

Image

2023-жылдын 19-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинде VIII Дүйнөлүк Биоэтика күнүнө карата  "Келечек муунду коргоо!"  аталышында  симпозиум болуп өттү.

Иш-чараны  факультеттин  коомдук саламаттыкты сактоо  жана эл аралык биоэтика кафедралары менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын коомдук саламаттыкты сактоо жана саламаттык кафедрасы биргеликте уюштурду.

Симпозиумга жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмдарынан, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармагынан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен атайын өкүлдөр жана мектеп мугалимдери катышты.

Иш-чаранын алкагында "Келечек муунду коргоо" багытында студенттер жана окуучулар арасында көркөм сүрөт  жана социалдык роликтердин сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары учурдагы биоэтика маселесине арналган илимий баяндамалар окулду.

Фото галерея