ОшМУнун базасында математика жана так илимдердин жумалыгы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун базасында математика жана так илимдердин жумалыгы өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде 23-24-октябрда “Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн орус тилинде жана предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу” жумалыгы өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, ОшМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Русланбек Арапбаев, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин окуу иштери боюнча проректору Василий Иванов, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн өкүлү, долбоордун жетекчиси Ольга Любимова катышты.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары жана предметтик мугалимдер арасында санариптик технологияларды, заманбап окутуу механизмдерин колдонуу ыкмалары боюнча иш алып баруу болжолдонууда.

Билим жумалыгында Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын 300дөн ашуун окуучусу жана 170тен ашуун физика, информатика, математика мугалимдери тажрыйба алмашышты.

Мындай иш-чара Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарыларында дагы өткөрүлөт.

Долбоор Илим жана техниканын декадасынын алкагында ишке ашырылып жатат жана орусиялык билим берүүнү чет өлкөлөрдө жайылтууга, ошондой эле орус тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүгө жана орусиялык окутуучуларды чет өлкөлөргө жөнөтүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу чет мамлекеттердеги орус мектептерине колдоо көрсөтүүгө багытталган окуу-методикалык жана тарбиялык иш-чаралардын негизин түзөт. 

Бул долбоор билимдүү жаштарды Орусиянын ЖОЖдорунун бакалавриат программаларына гранттык окууга тартууга жардам берет.

Фото галерея