ОшМУ элдердин башын бириктирет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ элдердин башын бириктирет

Image

Мындай аталышта окуу жайда фестивал уюштурулуп, ага  Өзбекстан жана Казакстан Республикаларынын Ош шаарындагы консулдуктарынын генералдык консулдары А.Абдурашидов, М. Карибай, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Б. Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси В. Сайпидинова, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору К. Аттокуров, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Н. Мапаева, ОшМУнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, студенттер, окутуучулар жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада 10 чет өлкөнүн Испания, Индия, Өзбекстан, Япония, Россия, Пакистан, Түштүк Корея, Тажикстан, Кытай жана Кыргызстандын ОшМУда  окуп жана иштеп жаткан өкүлдөрү улуттук маданиятын, кийим-кечесин, тамак-ашын, каада-салттарын руханий-маданий баалуулуктарын көрсөтүшүп, өз эне тилинде улуттук ырларын ырдашып, элдик бийлерин аткарышты.

Фестивалдын алкагында мыкты экспонаттардын конкурсу уюштурулду. Конкурстун жыйынтыгы боюнча атайын тышкы жана ички эксперттерден түзүлгөн комиссия жеңүүчүлөрдү жана активдүү катышуучуларды аныктады. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Кыргызстан элдеринин ассоциациясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасынын ыраазычылык каттары жана ОшМУнун профсоюз комитетинин акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чара дүйнө элдеринин маданий салттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтүү, университеттин студенттерин түрдүү элдердин чыгармачылыгына тартуу, ошондой эле улуттук маданияттарды жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Фестивалды ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү уюштурду.

Фото галерея