ОшМУнун окутуучусу Алымкан Жамшитбекова эл аралык мелдеште байгелүү орунга жетишти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Алымкан Жамшитбекова эл аралык мелдеште байгелүү орунга жетишти

Image

Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV Эл аралык мелдеште ОшМУнун дене тарбия факультетинин №1 факультеттер  аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Алымкан Жамшитбекова күмүш медаль тагынып,  800$ акчалай сыйлыкка ээ болду. Алымкан Жамшитбекова мелдеште кыз-келиндер арасында 800 метр аралыкка чуркады.

“Бул эл аралык мелдешке катышуу үчүн спортчулар алдын ала аккредитациядан өтүшөт. Мелдешке белгиленген көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган спортчулар гана  чакырылат. Мелдешке катышкан спортчулардын жол акысы, жатакана чыгымдарын толугу менен чакырган тарап каржылап берди”,-деди спортчунун машыктыруучусу  ОшМУнун окутуучусу Алмаз Казибеков.

Ольга Рыпакованын байгесине арналган  IV Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Армения, Белоруссия, Украина, Тажикстан жана Казакстандан 300дөн ашык спортчулар катышты.

Фото галерея