Ошто Ынтымак жумалыгы башталды

Башкы Жаңылыктар

Ошто Ынтымак жумалыгы башталды

Image

Ош шаарында эки күнгө созулган Ынтымак жумалыгы башталды. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, тынчтыкты орнотуу маселелери, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу, аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча талкуулар жүрүүдө.

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Жыйында ректор Кудайберди Кожобеков буларга токтолду: 

“Тынчтык жумалыгы – бул аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо, көйгөйлөрдү талкуулоо, тажрыйба жана идеялар менен алмашуу аянтчасы болуп саналат. Мындай кызматташтык аркылуу биз ресурстарды, билимди жана идеяларды бириктирип, аймакта тынчтыкты орнотуу боюнча жалпы максаттарга жетише алабыз”.

Иш-чаранын алкагында уюштуруучулардын атынан ректорго ыраазычылык кат тапшырылды.

Ынтымак жумалыгын Тынчтыкты куруу борбору уюштурууда. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткендин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринен жана тынчтык орнотуу кыймылынын активисттери катышып жатат. 

Жумалык 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми Бишкекте 16-20-сентябрь күндөрү уланат.

Фото галерея