ОшМУда чет элдик студенттердин коопсуздугу кандай сакталат?

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда чет элдик студенттердин коопсуздугу кандай сакталат?

Ош мамлекеттик университети чет элдик студенттердин коопсуз билим алышына көзөмөлдү күчөтөт. 12-сентябрда окуу жайдын Эл аралык медицина факультетинде окуган индиялык жаштарга коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууга коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, университеттин чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, жеке жана юридикалык тараптар, студенттер катышты. Анда милиция кызматкерлери аларды кылмыш же кырсыкка кабылган учурда дароо тиешелүү номурга чалууга чакырды. Ошондой эле коопсуздук боюнча видео роликтер коюлду. 

Студенттерге өлкөдө жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп, миграциялык мыйзамдарды сактоо эскертилди. Алар да өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден жеринен жооп алышты.

Жолугушууда ОшМУнун коопсуздук кызматы менен укук коргоо органдарынын кызматташуусу талкууланды. Шаардык милициянын билдиришинче, кырсыктарды алдын алуу үчүн чет элдиктер жашаган жатаканалар, окуу жайлар тыкыр көзөмөлдөнүп турат. Ал эми жеке юридикалык тараптарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары жана нормалары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент окуйт. Басымдуусу медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келген. Анын 10 миңге жакынын ОшМУда билим алат.

Фото галерея