ОшМУнун "Алдыңкы тажрыйба борборунун" эки жылдык ишмердүүлүгү тааныштырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун "Алдыңкы тажрыйба борборунун" эки жылдык ишмердүүлүгү тааныштырылды

Image

16-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын билим берүү тармагындагы адиси Бактыгүл Өмүрзакова, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурлан Атаканов "Алдыңкы тажрыйба борборунун" ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Жолугушууда Индустриалдык-педагогикалык коллеждин директору Олжобай Шайымкулов борбордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Омурзакова борбор максаттуу иштеп жатканын белгилеп, тараптар алдыда башка долбоорлор менен иштешүүнү сүйлөштү. Андан сырткары министрликтин демилгеси менен уюштурулган "Менин колледжим" сынагына катышып, жеңүүчү аталган студенттерге белектер тапшырылды. 

"Алдыңкы тажрыйба борбору" 2022-жылы Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ачылган. Анда тигүү цехтери, программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр жайгашкан. Аны менен катар эле академиялык мобилдүүлүк багытындагы студенттерге, коллеждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер, лекторлорго конок бөлмөлөрү бар. Калган бөлүгүндө студенттердин жатаканасы орун алган.

Борбордо студенттер үчүн өндүрүш кошо иштейт. Анда тигүү, программалоо адистигинде билим алгандар бир эле мезгилде теория менен практиканы айкалыштыра алат. Алар даярдаган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөргө" 2018-жылы кошулган. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын колдоп, Билим берүү министрлиги ишке ашырууда. Борбордо студенттер компетенттүүлүк негиздерге таянуу менен окутулат.

 

 

Фото галерея