Түрк тилдүү мамлекеттер медицинадагы байланышты бекемдейт

Башкы Жаңылыктар

Түрк тилдүү мамлекеттер медицинадагы байланышты бекемдейт

Image

Бул тууралуу 4-8-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Йедитепе (Yeditepe) университетинде өткөн I медициналык конгрессте айтылды. 

Жыйынга Кыргызстандан төрт катышуучу чакырылган. Анын экөө Ош мамлекеттик университетинен барды. Алар - Эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар №2 кафедрасынын доценти Гулжамал Субанова жана Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын окутуучусу Эрзамат Ырысбаев.

Субанованын айтымында, жыйындын жүрүшүндө өз ара кызматташуу боюнча өлкөлөр арасында келишимге кол коюлду.

"Биринчи жолу уюштурулуп жаткан конгресс түрк тилдүү мамлекеттердин медицина багытындагы окумуштуулардын башын бириктирди. Мындай иш аракеттер Түрк тилдүү мамлекеттердин медицина тармагын бири-бири менен байланыштыруу, илимий ачылыштарды, жаңылыктарды жайылтуу, колдоо көрсөтүү максатында көздөйт. Аталган иш-чарада мен модератор болдум. Ал эми Эрзамат Ырысбаев баяндама жасады". 

Түрк тилдүү мамалекеттердин II медициналык конгресси 2025-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтөт. 

Фото галерея