ОшМУ Салибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган мелдеште биринчи орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Салибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган мелдеште биринчи орунду ээледи

Image

12-июнда Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын ардактуу ардагери Адилбек Салибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган волейбол боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чара Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын 40 жаштан жогорку агай-эжекелери ортосунда уюштурулду. Жыйынтыгында биринчи орунду Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), экинчини Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМПУ), үчүнчү орунду Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) командалары ээлешти. 

80 жаштагы Адилбек Салибаев Ноокат районун Борбаш айылында туулган. 2005-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинде дене тарбия кафедрасынын кафедра башчысы болуп эмгектенген. Учурда факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасында доценттик кызматында эмгектенип келет. Анын жетекчилигинде “Универсиада-2005”, “Универсиада-2006”, “Универсиада-2007”, “Универсиада-2008” мелдештеринде ОшМУнун студенттик курама командасы төрт жыл катары менен чемпион болушкан.

Ал университеттин волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасын 2005-жылдан баштап уюштуруп, машыктырган. Облустук жана республикалык мелдештерге катыштырып, алдыңкы орундарга жетишкен. Өзүнүн талыкпаган эмгеги жана уюштургучтугу менен жаштарга үлгү болуп келет. 

Адилбек Салибаев өмүрлүк жары менен сегиз уул-кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда 31 неберенин, 11 чеберенин чоң ата, таятасы.

 

Фото галерея