
ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов, Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концепциясы кафедрасынын доценти Элмурат Обдунов “Борбор Азиянын кичи дарыяларынын контекстиндеги туруктуу жана натыйжалуу суу пайдалануу: чакырыктар, чечимдер, тажрыйба алмашуу жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык семинарга катышты.
16-17-июнь күндөрү Ташкент шаарында өткөн иш-чара Суу ресурстарын башкаруунун эл аралык институту (IWMI-CA), Hudro4U, Global Partnership for Sustainable Cooperation on Waters, WE-ACT жана ISTS долбоорлорунун алкагында уюштурулду.
ОшМУнун өкүлдөрү “Ош шаарындагы административдик-аймактык реформалардын шартында калкты таза ичимдик суу менен камсыздоонун көйгөйлөрү” деген темада презентация жасап, климаттык өзгөрүүлөр жана социалдык-экономикалык шарттарда Борбор Азия аймагындагы суу дипломатиясын өнүктүрүү боюнча идеяларды сунушташты.
Катышуучулар арасында Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын суу тармагындагы алдыңкы окумуштуулары жана практик адистери да болду.