ОшМУ кытайлык компания менен эки ири долбоорго кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ кытайлык компания менен эки ири долбоорго кол койду

Image

21-июнда ОшМУ Кытайдын “Shuangtan energy technology” компаниясы менен эки ири инфраструктуралык долбоор боюнча келишимдерге кол койду. Кол коюу аземине компаниянын башкы директору Ли Йипо, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери катышты.

Келишимге ылайык, кытай тарап инвестиция салып, заманбап күн панелдерин орнотуу жана жылытуу системасын модернизациялоо иштерин жүргүзөт. 

Биринчи долбоор – күн энергиясын өндүрүү системасын орнотуу. Анын алкагында ОшМУнун алдындагы “Зирек” башталгыч билим берүү борбору жана “Билим” окуу-тарбия комплекси күн нурунан алынган энергия аркылуу
электр энергиясы менен камсыз болот. Бул технология энергияны 40% дан 60%га чейин үнөмдөөгө шарт түзөт жана өзгөчө кыш мезгилинде жарык өчүп калган учурда да 12 саатка чейин жылытуу системасы үзгүлтүксүз иштеп турат.

Экинчи долбоор — окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан Медицина факультетинин жылытуу системасын жаңыртуу жана эксплуатациялоо болуп саналат. Бул система окуу жайдын жылуулук менен туруктуу камсыз болушуна өбөлгө түзөт жана энергетикалык көз карандылыкты азайтат. 

Бул долбоорлор 12 жылдык мөөнөткө пландалып, ушул жылдын август айында ишке ашырыла баштайт.

Фото галерея