ОшМУда Кыргызстан менен Өзбекстандын студенттеринин спартакиадасы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргызстан менен Өзбекстандын студенттеринин спартакиадасы өттү

Image

Бүгүн, 23-июнда Ош мамлекеттик университетинин спорт залдарында, базаларында Кыргызстан менен Өзбекстандын студенттеринин арасында достук спартакиадасы өттү. 

Программага спорттун сегиз түрү  — кичи футбол, волейбол, стритбол, оор атлетика, бел боо күрөшү (алыш), стол тенниси, бадминтон жана шахмат киргизилген. Кыргызстандын намысын коргогон командада ОшМУнун курама командасы катышты. Алар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты. Мелдештер бүгүн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Спорттук иш-чараны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган. Максаты — эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук байланышты чыңдоо, дене тарбия-спорттук кыймылды өнүктүрүү, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын дене тарбиясынын натыйжалуулугун жогорулатуу. 

Эске салсак: жогорку окуу жайлар аралык универсиаданын жеңүүчүлөрү арасында өтүп жаткан бул мелдеш быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат. Биринчи жолу 2023-жылы Өзбекстандын Кокон шаарында өткөн.  

 

 

Фото галерея