ОшМУнун профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө боюнча 1-этаптагы предметтик тест боюнча сынак тапшыруучулардын жалпы саны 117 катышуучуну түздү. Жыйынтыгында сынактан 70 баллдан жогору алгандардын саны – 51 болсо, ал эми 70 баллдан аз алган катышуучулардын саны 52, сынакка келбегендердин саны 14 адамды түздү.
2-этаптагы педагогика, психология предметтери боюнча сынак 27-июнь күнү саат 10:00 до ОшМУнун башкы имаратында болот деп билдирди Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гулсара Турдубаева.