ОшМУнун ректору IV Евразиялык экономикалык форумга катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору IV Евразиялык экономикалык форумга катышып жатат

Image

Бүгүн, 26-июнунда Минск эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразиялык экономикалык форум өз ишин баштады.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мамлекет башчыларынын катышуусунда болуп жаткан жыйын «Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечек» деген темада өтүп жатат. Анда отуздан ашык тематикалык иш-чаралар боюнча талкуулар орун алат.

Аталган иш-чарага Кыргызстандан барган делегациянын курамында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков спикер катары катышууда. Форумдун алкагында  уюштурулган «ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде туруктуу экономикалык өсүш үчүн эмгек миграциясы — ресурстук мүмкүнчүлүк» темасындагы тегерек столдо ректор “ЕАЭБ өлкөлөрүндө туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоодо университеттердин ролу: эмгек миграциясы контекстинде” деген темада презентация жасады. 

Презентацияда жогорку билим берүү мекемелеринин квалификациялуу жана илимий кадрларды даярдоодо, аймактар аралык кызматташууну бекемдөөдө, түшүмдүү миграциялык саясатты ишке ашыруудагы орду белгиленди. 

Форумда каржы чөйрөсү, өнөр жай, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана ветеринария, ЕАЭБдин ички рыногун өнүктүрүү, соода, транспорт, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулар, статистика тематикаларында пикир алышуулар болот.

Эске салсак: биринчи Евразиялык экономикалык форум 2022-жылы Кыргызстанда, II форум 2023-жылы Орусияда, III форум 2024-жылы Арменияда өткөн. 






 

Фото галерея