2025-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Өзбекстандын Нукус шаарында жана Арал деңизинин аймагында өткөн эл аралык илимий экспедицияга катышты.
Делегация курамында Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Абдурашит Низамиев, Кыргыз-кытай факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Маматаир Үсөн уулу, Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий изилдөө институтунун директору Гулиза Момошева жана экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу Жанарбек Султанов болду.
Иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү Ж.М. Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинде болуп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча проректорлор PhD Т. Нурымбетов жана И. Турдымамбетов менен жолугушуп, академиялык жана илимий багытта пикир алышты. География жана жаратылыш ресурстары факультетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушууда Абдурашит Низамиев конок лекция окуду. Андан тышкары, изденүүчү Х. Касимовдун диссертациялык иши каралган илимий кеңештин жыйынына катышышты.
Илимий экспедициянын алкагында катышуучулар И.В. Савицкий атындагы Каракалпакстан Республикасынын мамлекеттик искусство музейинде болуп, Нукус шаарында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң боз үйдү көрүштү. Бул уникалдуу боз үй “OROL AGRO” ЖЧКсы тарабынан жасалып, расмий түрдө Гиннестин рекорддор китебине киргизилген.
28-29-июнь күндөрү делегациянын негизги максаты болгон Арал деңизинин аймагына экспедиция уюштурулду. Нукустан Мойнокко чейин 220 км, Мойноктон Арал деңизинин калдыктарына чейин 120 км жол жүрүп, катышуучулар жергиликтүү илимпоздор менен бирге деңиздин кургап калган түбүн, ачуу калдык сууларды, климаттык өзгөчөлүктөрдү, туристтик потенциалды, Устюрт платосунун геоморфологиясын, флора жана фаунасын изилдөө иштерине активдүү катышышты.
Абдурашит Низамиевдин айтымында, бул илимий сапар климаттык өзгөрүүлөр, экология, туруктуу өнүгүү жана туризм багытында маанилүү тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түздү.