ОШМУ - БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Башкы Жаңылыктар

ОШМУ - БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

ОшМУнун тарыхы 1939-жылы Ош мугалимдер институтунун ачылышы менен башталган. 1951-жылы педагогикалык институтка, 1992-жылы университетке айланган.

Учурда ОшМУда 8 институт, 4 факультет, 1 жогорку билим берүү мектеби, 1 дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 4 мектеп-гимназия,  30дан ашуун окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук  борборлор, лабораториялар, 10 студенттик жатакана, 2 медициналык клиника, 1 башталгыч билим берүү борбору, 1 бала бакча, 18 спорт комплекси, 1 стартап борбору иштеп жатат.

Университет QS Stars рейтингинде 4 жылдызга, QS Asia University Rankings 2025 рейтингинде Азиянын эң мыкты 260, Борбордук Азиянын эң мыкты 13 окуу жайынын катарына кирди. Кыргызстандын тарыхында Ош мамлекеттик университети биринчи болуп QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кошулду. ОшМУ бул рейтингге заманбап тилдер программасы боюнча 301-350-позиция менен дебют жасады.

«IAAR Eurasian University Rankings» рейтингинде ОшМУ 2024-жылы Евразиядагы эң мыкты 2-университет деп табылды. Ошондой эле, 6 жыл катары менен Кыргызстандагы эң суроо-талап жогору окуу жай болуп келе жатат.

Чет өлкөлүк студенттердин саны 10 000ден ашты. АКШ, Түркия, Индия, Пакистан, Түштүк Корея, Япония, Кытай сыяктуу 10го жакын өлкөнүн 41 жараны ОшМУда окутуучулук кызматта эмгектенет.

ОшМУ – өлкөдө алгачкылардан болуп санариптик тейлөөгө өткөн жогорку окуу жай. Абитуриенттерди кабыл алуудан тартып диплом алууга чейинки бардык процесстер электрондоштурулган. Окуу процессин автоматташтыруу максатында MyEDU платформасы иштелип чыкты.

ОшМУ акыркы 5 жылда 12 имарат курду. Алдыда 9 кабаттуу студенттик жатакана, жабык типтеги спорт комплекстери, ветеринардык лаборатория, жер астындагы автоунаа токтотуучу жай жана анын үстүнө спорттук аянтчанын, 6 кабаттуу IT парктын курулушу планга киргизилди.

ОшМУ 33 өлкөдөгү 325 окуу жай менен академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуу билим берүү, эл аралык долбоорлор жана илимий кызматташтык багытында иш алып барууда.

Акыркы 5 жылда окуу жайдын медициналык клиникасында  хирургия бөлүмү менен операциялык обочо, жүрөк-кан тамыр хирургия бөлүмдөрү ачылды. Учурда Ош шаарында университет өз каражатынын эсебинен 7 кабаттуу, 312 орундуу медициналык клиника куруп жатат. Клиникада боор, бөйрөк, чучук-сөөк трансплантация бөлүмү, микрохирургия, жандандыруу, операциялык бөлүм, гепатология, офтольмология, пластикалык хирургия,  нефрология, гематология жана дарт аныктоо бөлүмдөрү жайгашат.

ОшМУнун бизнес паркы  социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып, жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүүдө.  Бүгүнкү күндө 49 стартап иштеп жатат.

Борбор Азиядагы робототехниканы үйрөнүү боюнча жападан жалгыз филиал болгон ОшМУнун  NEXT GENERATION HUB жогорку технологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Борбор Huibo Robotics менен кызматташып, студенттерге практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Кыргызстанда алгачкы жолу ОшМУда “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борбору” ачылды.  Борбор спутниктин негизинде маалыматтарды чогултуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.

ОшМУ менен Жапония менен “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө” борборун түзүү долбоорунда биргелешип кызматташууда. Кытайлык компания менен таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция курууну пландап жатат.

ОшМУнун алдында “Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг” борбору ачылган. Борбор 300 га жер аянтын басып калган жер көчкүнүн ордунда “Курбу-Таш токой” илимий-өндүрүштүк долбоорун ишке ашырууда.

Учурда университетте 17 спорт түрү боюнча 24 секция иштейт. Бокс боюнча ОшМУнун бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу “Париж-2024” Олимпиадасынын күмүш медалын утту. Дзюдочу Айбек Кубанычбек уулу бул Олимпиаданын катышуучусу болду.

“ОшМУ” футбол клубу 2023-жылдан бери Кыргыз Премьер-Лигасында ойноп жатат. “Университет - ОшМУ” волейбол клубу кыз-келиндер арасында Кыргыз чемпионатынын үч жолку жеңүүчүсү. Эркектер волейбол клубу 2023-жылы Улуттук лиганын чемпиону болду. Окуу жайдын футзал клубу өлкө кубогунун жеңүүчүсү болду. Баскетбол клубу Кыргыз Баскетбол Лигасына кабыл алынган өлкөдөгү жогорку окуу жайлар арасында биринчи команда болуп калды.

ОшМУ тандаганыныз -  ийгиликти жандаганыңыз!