Жибек жолу «глобалдашуунун алгачкы үлгүсү» деп аталды

Башкы Жаңылыктар

Жибек жолу «глобалдашуунун алгачкы үлгүсү» деп аталды

Image

23-апрелде ОшМУнун Тарых-юридика институтунда «Жибек жолундагы маданий диффузия: чыгыш менен батыштын баалуулуктарынын кесилиши» аттуу илимий-практикалык жыйын өттү. Ага окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер катышты.

Студенттер баяндама жасап, Чыгыш менен Батыштын каада-салты, технологиясы, философиясы бири-бирине кантип таасир эткенин айтып беришти. Алар орто кылымдардагы Жибек жолу жөн гана товар ташыган жол болбостон, элдерди бириктирген руханий, маданий көпүрө болгонун белгилешти.

Жыйында Кыргызстан Улуу Жибек жолунун жүрөгүндө жайгашканы айтылды. Ошондуктан өлкөнүн маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү ролу өзгөчө экени айтылды. Катышуучулардын билдиришинче, Жибек жолундагы маданий алмашуу бүгүнкү глобалдашуунун алгачкы үлгүсү болууда.

«Жибек жолу бул өткөндүн эстелиги гана эмес, элдердин достугунун жана өз ара түшүнүшүүсүнүн түбөлүктүү символу», –дешти катышуучулар.

Талкуунун соңунда Жибек жолунун мурасын изилдөө, аны жаштарга жеткирүү боюнча сунуштар кабыл алынды.

 

Фото галерея