"PhD системасын жана Кыргызстандын илимий потенциалын өнүктүрүү" жайкы мектеби

Башкы Жаңылыктар

"PhD системасын жана Кыргызстандын илимий потенциалын өнүктүрүү" жайкы мектеби

Image

ERASMUS + DERECKA долбоорунун алкагында 9-августан тартып "Кыргызстандын докторантурасын жана изилдөө потенциалын өнүктүрүү" жайкы мектеби башталды. Жайкы мектептин максаты Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын администраторлорун PhD программалары боюнча окутуу, алардын административдик жана башкаруучулук компетенцияларын жакшыртуу жана докторанттардын илимий потенциалын жогорулатуу болуп саналат. 

Ага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Саламаттыкты сактоо жана медицина программасынын башчысы, клиникалык иштер жана клиникалык базаны өнүктүрүү боюнча проректору Роман Калматов, математика программасынын башчысы жана жогорку Эл аралык билим берүү программалары мектебинин директору Дилмурат Турсунов, профессорлор, окутуучулар катышып жатат. 
    Жайкы мектепте Гамбург прикладдык илимдер университетинин профессорлору (Германия), Брунел университети Лондон (Улуу Британия) жана Вильнюс техникалык университети Гедиминастын (Литва) алдыңкы окумуштуулары тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат.