ОшМУнун делегациясы Кытайдагы GLAST 2026 форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун делегациясы Кытайдагы GLAST 2026 форумуна катышты

Image

1–4-ноябрь күндөрү Кытайдын Санья шаарында айыл чарба илими жана технологиялары боюнча сегизинчи глобалдык форум (GLAST 2026) өттү. Ага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Айнура Озгонова жана улук окутуучу Элмира Мидинова катышты.

Форумдун алкагында делегация өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык альянстын (BRI) Башкы ассамблеясына катышты. Анда ОшМУнун альянска кошулуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясы түзүүнү сунуштап жаткан Пан-Борбор Азия айыл чарба илими жана технологиялык инновациялар альянсы (PCAASTIA) менен кызматташуу маселелери каралды.

Бул жолугушуулар ОшМУга Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн окуу жайлары менен байланыш түзүүгө, айыл чарба багытында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото галерея