Ош мамлекеттик университетинде туризм адистигинде билим алган студенттер үчүн «Этнотуризмдин өнүгүшү жана келечеги» деген темада конок лекция өттү.
Лекцияны Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин «Туризм» кафедрасынын ага окутуучусу, PhD доктору Жаксылык Акимов өттү. Ал кыргыз, казак элдеринин тарыхый жана маданий жакындыгы, улуттук каада-салттарды сактоо, аларды туризмди өнүктүрүүдө пайдалануу тууралуу айтып берди. Ошондой эле этнотуризмдин келечеги, бул багыттагы мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштү.
Жолугушууда эки элдин үрп-адаттары, маданий мурастары жана алардын туристтерди тартуудагы орду талкууланды. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолоруна жооп алышты. Конок лекция студенттерге эл аралык тажрыйба менен таанышып, улуттук маданиятты туризм аркылуу жайылтуунун жолдорун билүүгө мүмкүнчүлүк берди.