Ош мамлекеттик университетинин курама командасы жогорку окуу жайлар арасында өткөн таяк тартыш боюнча Ош шаарынын ачык биринчилигинде биринчи орунду ээледи.
Мелдеште окуу жайдын спортчулары бир нече салмак категориясында байгелүү орундарды багындырышты.
Кыз-келиндер арасында
60 кг салмак категориясы:
- 1-орун – Айтбаева Нуриза, Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 2-курсунун студенти.
70 кг салмак категориясы:
- 1-орун – Мирзат Абдуллаева, Кыргыз филологиясы жана журналистика институтунун 1-курсунун студенти.
- 3-орун – Айэлес Эркинбаева, Финансы-юридикалык коллежинин 1-курсунун студенти.
70 кг жогору салмак категориясы:
- 1-орун – Мирзат Абдуллаева, Кыргыз филологиясы жана журналистика институтунун 1-курсунун студенти.
- 3-орун – Нагима Шарабидинова, Кыргыз филологиясы жана журналистика институтунун 1-курсунун студенти.
Эркектер арасында
60 кг салмак категориясы:
- 1-орун — Эламан Узакбаев, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
- 3-орун – Нурислам Аматбеков, аталган институттун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
70 кг салмак категориясы:
- 1-орун – Алымбек Маратов, аталган институттун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
- 2-орун – Дөөлөтбек Токтомаматов, аталган институттун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
80 кг салмак категориясы:
- 1-орун — Марсел Маннапов, Тарых-юридика институтунун 2-курсунун студенти.
- 2-орун — Дөөлөтбек Токтомаматов, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
90 кг жогору салмак категориясы:
- 1-орун — Улукбек Бийболот уулу, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.
- 3-орун — Имарали Дабранов, STEM инновациялык коллежинин студенти.
Команданы мелдешке Мыктыбек Адишов жана Канымбү Дүйшөнали кызы даярдашты.