ОшМУда педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Акматали Алимбековдун «Кыргыз эл педагогикасы» аттуу монографиясынын бет ачары болду.
Иш-чарага коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Махабат Былыкова, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, педагогика илимдеринин доктору Бекмурза Зулуев, профессор Топчубай Исаков, доценттер Инабат Даминова, Абдыкерим Исаев, окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышты.
Иш-чараны ачкан Нуржамал Мапаева профессордун кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, элдик тарбия тажрыйбасын изилдөө, аны билим берүүдө колдонуу маанилүү экенин айтты.
Автордун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң Акматали Алимбеков китептин жазылуу тарыхы, негизги мазмуну жана максаты тууралуу айтып берди. Монографияда кыргыз элинин муундан муунга өтүп келген тарбия тажрыйбасы камтылган. Анда адеп-ахлак, эмгек, дене тарбиясы, эстетикалык жана акыл тарбиясы өзүнчө бөлүмдөрдө каралган. Ошондой эле улуттук тарбияны азыркы билим берүүдө колдонуу жолдору көрсөтүлгөн.
Бет ачардын жүрүшүндө катышуучулар китептин мааниси, кыргыз эл педагогикасын өнүктүрүүдөгү орду, келечектеги мугалимдер үчүн пайдасы тууралуу пикир алышты.
Педагогика кафедрасынын башчысы Гүлмира Жутанова профессор Акматали Алимбековду Эл мугалими ардактуу наамына ээ болушу менен куттуктап, чыгармачылык жана илимий иштерине ийгилик каалады.
Иш-чара педагогика кафедрасы тарабынан демилгеленип уюштурулду.