ОшМУда котормо адистиги боюнча I жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиада өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда котормо адистиги боюнча I жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиада өттү

Image

ОшМУда 30-сентябрь - Эл аралык Котормочулар күнүнө жана ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 70 жылдыгына арналган I  жогорку окуу жайлар аралык  студенттик олимпиада өттү.

Олимпиадага Кыргыз улуттук университети, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Ош мамлекеттик университетинен 50 студент катышты. Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери онлайн катышты.

 Студенттер 1-турда видео материалдарда жана  текстте берилген маалыматты жазуу түрүндө которушту. Биринчи турдан жогору упай алган катышуучулар 2-турда угуу аркылуу оозеки синхрондук котормо жасашты.

Жыйынтыгында 1-орунду ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинин студенти Катерина Рыбалкина, 2-орунду ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Минура Мирзаева, 3-орунду Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Минура Махамаджанова ээледи. Жеңүүчүлөргө “Эң мыкты котормочу” деген статуэтка, дипломдор тапшырылды.  Ошондой эле котормочулардын ассоциациясына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Университеттер аралык олимпиада Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасы тарабынан демилгеленип уюштурулду.

Фото галерея