ОшМУ Казакстандагы ЖОЖ менен туруктуу өнүгүү боюнча кызматташууну күчөтөт 

Main Events

ОшМУ Казакстандагы ЖОЖ менен туруктуу өнүгүү боюнча кызматташууну күчөтөт 

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)  Казак улуттук кыздар педагогикалык университети менен туруктуу өнүгүү багытында кызматташууну күчөтүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү. Иш-чара 13-апрелде өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар педагогика тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Айрыкча, билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүү, илимий, окуу иштерин интеграциялоо, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле тараптар Scopus базасына кирген илимий макалаларды биргелешип даярдоо жана изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Иш-чарага эки окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, магистранттар, студенттер катышты. Жыйын педагогика кафедралары тарабынан демилгеленип, эл аралык илимий жана билим берүү кызматташуусун кеңейтүүгө багытталды. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу өнүгүү максаттарынын 17-максаты өнөктөштүктү чыңдоого арналды.












 

Photogallery