Негизделиши: Онкология жана ага байланыштуу медициналык тармактардагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында түзүлгөн.
Максаттары жана милдеттери
Борбордун негизги максаты – алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоодо инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
Негизги милдеттери:
- онкология, радиология жана медициналык информатика боюнча жаңы билим берүү программаларын (ординатура, магистратура, PhD) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана биоинформатиканы колдонуу менен клиникалык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жеке медицина үчүн маалымат базаларын жана аналитикалык системаларды түзүү;
- саламаттык сактоо кызматкерлерине жана калкка арналган билим берүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу;
- алдыңкы университеттер жана медициналык борборлор менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Өнүгүү стратегиясы (2025–2029-жж.)
- лабораториялар, IT-системалар жана молекулярдык, радиологиялык изилдөөлөр үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо;
- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү университеттер менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- онкологиялык оорулардын алдын алуу жана диагностикасына инновациялык ыкмаларды киргизүү;
- гранттардын, эл аралык долбоорлордун жана билим берүү кызматтарынын негизинде борбордун туруктуу иштешин камсыз кылуу.
Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
- рак ооруларын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо жаатындагы илимий изилдөөлөр;
- студенттер, ординаторлор, аспиранттар жана медициналык кызматкерлер үчүн билим берүү программалары;
- медициналык маалыматтарды IT технология аркылуу талдоо;
- рак ооруларынын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- эл аралык илимий жана академиялык кызматташтык.