«Ыйман» окуу-тарбия комплекси 2013-жылдын сентябрь айында Түркия «Диянет» фонду, Түркия билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте түзүлгөн протоколдун, Ош мамлекеттик университетинин уставынын негизинде, ректордун буйругу менен ачылган.
«Ыйман» окуу-тарбия комплекси – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык
Мектепте мамлекеттик программадагы сабактар менен кошо төрт тил: Орус тили, Англис тили, Арап тили жана Түрк тили окутулат. Андан сырткары ислам маданияты тарыхы, диндер тарыхы, улуттук тарбия, инсандык өнүгүү сыяктуу предметтер кружоктук негизде окутулат.
Миссиясы: Коомдук жана табийгый илимдерди мыкты өздөштүргөн, мыкты адамдык сапаттарга ээ окуучуларды тарбиялоо жана мындан ары окуучуларды жогорку билим алууга даярдоо: Ошондой эле окуучуларда улутуна жана мекенине кызмат кылуу сезимин калыптандыруу.
Максаты: Кылым карыткан маданий баалуулуктарыбызды жогорку адамгерчилик менен айкалыштырган, өзү жашаган заманга шайкеш келген пайдалуу илим-билимге, чыгармачылыкка жана маданиятка ээ инсандарды тарбиялоо.
Материалдык-техникалык база
Окуучулар окуу китептери менен 100% камсыз болгон. Гимназиядагы 5 окуу классы акыркы үлгүдөгү акылдуу доскалар менен камсыздалган. Сабактардын дээрлик бардыгы интерактивдүү усулда өткөрүлөт.
Мекептке кабыл алынган окуучулар Ош МУ, Түркия Диянет фонду жана ТИКА тарабынан реставрацияланган жатаканада жашашат. Жатаканада окуучуларга үч маал тамак акысыз берилет. Жатакана кыздар жана балдар үчүн эки бөлүккө бөлүнүп, кыз балдар үчүн 3, эркек балдар үчүн 3 тарбиячы дайындалган. Тарбиячылар окуучулардын сабактарына жакындан көмөк көрсөтүшөт.
Маданий –спорттук иш чаралар
Ар тараптуу инсан тарбиялоону максаттаган Ыйман гимназиябызда маданий-спорттук иш чараларга басым жасалат.
«Спорт ден – соолуктун булагы» аттуу долбоордун алкагында окуучулар арасында жумалык футбол, волейбол оюндары, стол тенниси, улуттук тогуз коргоол оюну өткөрүлөт. Мугалимдерибиз арасында да жумалык футбол, волейбол оюндары ойнотулат. Ар жылы ОшМУ тарабынан өткөрүлгөн спорт жумалыгына мугалимдерибиз катышып, ийгиликтүү орундарды багындырып келишет.
Гимназияда «Саякттап үйрөнөлү» аттуу долбоор жүзөгө ашырылат. Ар түрдүү жарыштарда биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду багындырган жана жыл аягында белгиленүүчү мектептин эң алдыңкы окуучулары жана ошондой эле ийгиликтүү мугалимдерибиз жайкы каникулда өлкө ичи жана өлкө сыртына саякатка жөнөтөтүлөт. Андан сырткары окуучуларыбызга дем-күч берүү максатында жыйырма окуучубуз саякат, үч окуучубуз мугалимдердин коштоосунда жайкы кампка Түркия мамлекетине жөнөтүлөт.