Окутуучулар Өзбекстандагы студенттерге практикалык сабактарды өтүштү

Main Events

Окутуучулар Өзбекстандагы студенттерге практикалык сабактарды өтүштү

Image

4–6-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Анжиян мамлекеттик техникалык университетинде болушту. 

Иш сапардын алкагында алар студенттерге практикалык сабактарды өтүп, сүйлөө маданияты, кесиптик коммуникация, инженердик жана экономикалык терминология, илимий, расмий-иш кагаздар стили боюнча маалымат беришти. Сабактарда интерактивдүү окутуу ыкмалары, сүйлөө көнүгүүлөрү, практикага багытталган тапшырмалар колдонулду. Бул студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүп, кесиптик коммуникация жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды. 

Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы илимий-билим берүү байланышын чыңдоо, тажрыйба алмашуу, орус тилин окутуунун методикасын өркүндөтүү максатында уюштурулду. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүп, биргелешкен илимий-усулдук долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдирди. Ошондой эле келечектеги кызматташуу багыттарын макулдашышты.

Photogallery