Элзада Момунжанова: “ОКУУ ЖАЙДЫН КОЛДООСУ МАГА ДЕМ-КҮЧ БЕРЕТ”

Main News

Элзада Момунжанова: “ОКУУ ЖАЙДЫН КОЛДООСУ МАГА ДЕМ-КҮЧ БЕРЕТ”

Image

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти Элзада Момунжанова алыш күрөшү боюнча үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду. Элзада чемпиондук наам менен кошо Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жолдомо алды.

Спортчу кызыбыз беттештеги көз ирмемдери, жеңиш кубанычы менен бөлүштү:

“55 кг салмакта күч сынашып, алгач Жалал-Абаддык атаандашымды 7:0 эсебинде утуп алдым. Андан соң Бишкектик спортчуну 10 секунд ичинде жыгып, таза жеңишти камсыздап, финалга чыктым. Финалда тажрыйбалуу, күчтүү, жашы да менден бир топ улуу, күрөшүү техникасы да мыкты балбан кыз менен беттештим. Буга чейин ал балбан кызга үч ирет кез келип, эки жолу утулуп калгам. Мурда эле негизги атаандашым экенин билген үчүн, өзүмдү психологиялык жактан катуу даярдадым. Беттеш оор болду. 5:5 эсеби катталып, бир топ таймаштык. Акыркы 2 секунд убакытта 2 упайлык ыкма жасап, 7:5 эсебинде жеңишке жетиштим.

Чоң спортто алсыздар болбойт. Катышуучулардын баары күчтүү балбандар. Ошолордун арасынан жеңүүчү аталып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жолдомо алганыма жетине албай кубанып турам. Буюрса дүйнөлүк жеңиш сересинде өлкө желегин желбиретип, намыс коргоп келүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм.

Беттеш учурунда баяндамачылар: “Ош шаарынан келген спортчу, ОшМУнун студенти” - дешип баса белгилеп, мактап айтып жатышты. ОшМУ мени ар дайым материалдык, моралдык жактан колдоп-сүрөп келатат. Жетекчиликтин, агай-эжелеримдин, досторумдун колдоосу мага дем-күч берет. Учурдан пайдаланып окуу жайдын жамаатына, агай-эжекелериме, досторума терең ыраазычылык билдирем. ОшМУнун студенти экениме сыймыктанам!”

Фото галерея