Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Орусиянын агартуу министринин эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш департаментинин башчысы Евгения Павлова баштаган делегация менен жолугушту.
Делегация ОшМУнун Орус филологиясы факультетинде болуп, билим берүүгө түзүлгөн шарттар, материалдык-техникалык база менен таанышты. Ошондой эле орус тили жана адабияты мугалимдеринин даярдалышы, аймакта орус тилин өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер боюнча пикир алышты.
Жолугушуу ушул жылдын 25-февралында болгон Кыргызстан менен Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында өттү.