ОшМУнун студенттери кросс боюнча ачык чемпионатта байгелүү орундарды багындырды

Main News

ОшМУнун студенттери кросс боюнча ачык чемпионатта байгелүү орундарды багындырды

Image

14-мартта Бишкек шаарында өлкөнүн кросс чуркоо боюнча ачык чемпионаты өттү.  Чемпионатка Ош шаарынын курама командасынан барган ОшМУнун студенттери мамлекетибиздин улуттук курама командасынын  мүчөлөрү Элдияр Кадыров жана Алымкан Жамшитбекова байгелүү орундарга ээ болду.

Элдияр Кадыров 6000 метр аралыкка чуркоодо 17 катышуучунун ичинен жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Ал эми кыз-келиндер арасында 6000 метр аралыктагы мелдеште Алымкан Жамшитбекова 2-орунду багындырып күмүш медаль тагынды.

Жеңишке жеткен студенттерибизди куттуктап, мындан аркы мелдештерге ийгиликтерди каалайбыз!